Жапалак үкү (лат.Asio flammeus) - кадимки үкүлөр тукумундагы куш.
Уз. 35-42 см. Жопу боз, боору ак, же саргыч. Көбүнчө Европа, Азия, Түн. жана Түш. Америкада, Каролин жана Гавай аймактарында. Майда кемирүүчүлөрдү жеп, айыл чарбага пайда келтирет.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.