Валериана (лат. Valeriana, L.), маун — валерианалар тукумундагы уруу.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
Валериана (лат. Valeriana, L.), маун — валерианалар тукумундагы уруу.
Көп жылдык өсүмдүк. Гүлдөрү майда, татаал топ гүлгө чогулган. Дүйнөдө Валериананын 200 түрү бар, көбү Түш. Америкадагы Анд тоолорунда, Евразияда таркалган. Дарылык Валериананын (V. officinalis) бийикт. 2 метрге жетет, тамыр-сабагы кыска, жалбырагы сабакта тушташ жайгашкан. Гүлдөрү 2 жыныстуу; май-авг. айларында гүлдөйт. Мөмөсү — урукча. Дарылык сырьё катары Валериананын тамыры жана тамыр-сабагы керектелет. Валериана дары-дармеги уйку качканда, жүрөк-кан тамыр неврозунда, ичеги-карын ооруларында колдонулат.