Мышык тамыр (лат. Valeriana officinalis, L. 1753) — СССРдин бардык райондорунда кеңири таралган. Токойлордо, суу өрөөндөрүндө, талаада, бадал арасында өсөт. Азыр колдо өстүрүлөт. Дары катары тамыры, тамыр-сабагы колдонулат. Аны жайдын аягында жана күзүндө чогултуп алат. Андан алынган ачытма жана экстракт сеп алдыруучу каражат катары пайдаланылат